Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте таштанды иргей турган пункт ачылды (фото)

09.01.2023 14:42
347
Бишкекте таштанды иргей турган пункт ачылды (фото)

Бишкек шаарында таштанды иргей турган пункт иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.


Маалыматка караганда, пилоттук долбоордун алкагында иргөөчү жай Биринчи май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде жайгашкан.


Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-жай курулган.


Жалпы аянты 147,1 чарчы метр, 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган.


Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды.


Таштанды контейнерлерин жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулду. Ошондой эле контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган.


Долбоордун максаты:


1. Жарандардын маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;

2. Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо;

3. Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.


Мындай аянтчаларды жайгаштыруу иштери башка райондордо уланууда. Белгилей кетсек, долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн