Теке 05, 2024
Убакыт: 22:55
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Бишкекте таштандыларды өрттөгөн поликлиникага айып салынды

03.07.2024 14:44
96
Бишкекте таштандыларды өрттөгөн поликлиникага айып салынды


Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына кошулган Төмөнкү Ала-Арча айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери таштандыларды өрттөгөн.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө мыйзам бузуу болгон жерди мэриянын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору аныктаган.

Андан тышкары, ҮДТнын жанаша аймагында ташталган медициналык каражаттар – ачык шприцтер жана ампулалар, кол каптар жана башка дары-дармек каражаттарынын калдыктары болгон.

Эреже бузуулар сүрөткө жана видеого тартылган.

КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүн жана 3-бөлүгүн сактабагандыгы үчүн медицина кызматкерлерине жеринде протоколдор түзүлгөн. Салынган айыптардын жалпы суммасы 46 миң сомду түзөт

Кызматкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, бардык медициналык калдыктар коопсуз түрдө жок кылынышы керек. Кокусунан ачык асманга ыргытылган дары-дармек чоң коркунуч жаратат.

Медициналык калдыктарды таштоо жана өрттөө үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчилик каралган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн