Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 08:48
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Бишкекте таштандыны туура эмес таштагандарга дээрлик 1,5 млн сомго айып салынды

16.07.2024 13:44
116
Бишкекте таштандыны туура эмес таштагандарга дээрлик 1,5 млн сомго айып салынды


Бишкекте таштандыны туура эмес таштаган жактарга эки жумада дээрлик 1,5 млн сомго айып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июлдан 15-июлга чейин КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1 жана 2-бөлүгүнө ылайык 100 протокол түзүлүп, жеке жана юридикалык жактарга 1 млн 334 миң сомго айып пул салынган.

Таштанды туура эмес жерге калтырган учурлар Ахунбаев көчөсүндө Достоевский көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин, ошондой эле Арча-Бешик конушундагы Чортеков/Кең-Көл көчөсүндө көп катталууда.

Атайын орнотулган видео көзөмөл камераларына тартылган видеолорго караганда таштандыны көбүнчө автоунаалар менен алып келип таштаган фактылар кездешүүдө. Ошондой эле белгиленбеген жерлерге таштандыларды шаардыктар чоң пакеттерге салып келип ташташууда.

Бишкек мэриясы шаар тургундары жана чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээлери, уюмдардан белгиленбеген жерлерге таштанды ыргытпоону суранат. Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталган учурда күнөөлүүлөр 5 миң 500 сомдон 17 миң сомго чейин административдик жоопкерчиликке тартылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн