Теке 10, 2025
Убакыт: 22:15
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.118
1.135

Бишкекте темир жолчулар үчүн турак жай комплекси курула башталды

10.07.2025 13:39
24
Бишкекте темир жолчулар үчүн турак жай комплекси курула башталды


Бүгүн Бишкек шаарында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери үчүн курула турган көп кабаттуу турак жай комплексинин мезгил кутучасы салынды.


Ишканадан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, ишкананын жетекчилиги, темир жолчулар жана чакырылган коноктор катышты.


Аянтчага компаниянын кызматкерлери үчүн ар бири 19 кабаттуу үч блоктон турган 285 батирлүү турак-жай куруу пландалууда.


Анын ичинде:

  • 1 бөлмөлү 114 батир;
  • 2 бөлмөлү 114 батир;
  • 3 бөлмөлү 57 батир камтылган.


Темир жолчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап инфраструктура камсыздалат: комплексте унаа токтотуучу жай, спорт жана балдар аянтчасы, ошондой эле заманбап жылуулук борбору каралган. Турак-жай коплекси Лев Толстой/ Термечиков көчөсүндө жайгашкан.


"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин социалдык турак жай менен камсыз кылуу долбоору президент Садыр Жапаров жана президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн