Бишкекте Wok Lagman тез тамактануучу жайынан массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, 4-декабрда түнкү саат экиде адамдарда уулануунун алгачкы симптомдору байкалган. Жалпы беш киши жабыркап, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Лабораториялык изилдөөлөр "Тамак-аш токсикоинфекциясы" деген диагноз чыгарган.
Тез татым жайына пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүп, санитардык эрежелер бузулганы аныкталган. "Эрежелерди бузуу жөнүндөгү" кодекске ылайык, аларга салынган айыптын суммасы 23 миң сомду түздү. Учурда лабораториялык изилдөөлөр уланууда.
Ооруларды алдын алуу департаменти коомдук тамактануучу жайларды тандоодо этият болууга жана жеке гигиена эрежелерин сактоого чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн