Бишкек шаарынын так ортосунда тез жардам унаасы оодарылып кетти. Кырсыктын кесепетинен медайым жабыркаган.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Тез жарам унаасы кырсыка Улуттук фтизиатрия борборуна бейтапты таштап кайтып келе жатканда кабылган.
“Алдын ала маалыматтар боюнча тез жардам унаасына жол бошоткон эмес. Унаанын
айдоочусу жеңил жаракат алган, фельдшердин буту жабыркаган”, - деп мэриядан
билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн