Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:55
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте тик учак кырсыгынан каза болгон Жайыл Самудиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

19.01.2024 14:12
395
Бишкекте тик учак кырсыгынан каза болгон Жайыл Самудиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү


Бишкекте 19-январда борборго жакын жерде тик учак кырсыгынан каза болгон аскер кызматкери Жайыл Самудиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.


Коргоо министрлигинин Башкы штабынын башчысы Руслан Мукамбетов Самудинов Жайыл Чолпонович жоопкерчиликтүү, ар дайым жардам берүүгө даяр болгонун айтты. «Ал биздин эсибизде өзүнүн наамын татыктуу алып жүргөн үлгүлүү офицер катары сакталып калат», - деди ал.


«Ал жаркын адам болчу. Мекенине, элине кызмат кылгысы келген. Биз азыр ал жок кандай болот билбейбиз», - деди маркумдун тайкеси.


Эске салсак, 2024-жылдын 17-январында Абадан коргонуу күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында Ми-8МТВ тик учагы окуу учуу учурунда кулап түшкөн.


Тик учактын кулашынын кесепетинен 30 жаштагы аскер кызматкери Жайыл Самудинов каза болгон. 11 адам жабыркап, алар Бишкектин медициналык мекемелеринде дарыланышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн