Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:42
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекте тогуз автобус каттамын тейлеген компания жабылышы мүмкүн

23.04.2024 14:22
92
Бишкекте тогуз автобус каттамын тейлеген компания жабылышы мүмкүн


Бишкекте тогуз автобус каттамын тейлеген компания жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында борбор калаанын вице-мэри Мирлан Байгончоков билдирди.


Анын айтымында, «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ишканасы жоготууларга байланыштуу ишин токтотууну карап жатат.


«Бүгүнкү тарифтер чыгымдарды актабайт», - деди вице-мэр.


Ал компания ISUZU автобустарын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу алып келгенин эске салды.


Белгилей кетсек, “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” ишканасы №2, 8, 10, 11, 12, 18, 21, 31, 41 каттамдарды тейлейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн