Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 06:47
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Бишкекте төлөм жүргүзбөгөн 4300 абонент аралыктан өчүрүлөт

28.11.2022 12:35
313
Бишкекте төлөм жүргүзбөгөн 4300 абонент аралыктан өчүрүлөт

29-ноябрда “акылдуу” эсептегичтер Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 4 миң 300 турмуш-тиричилик жана турмуш-тиричилик эмес абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт.


Чүй электр тармактар ишканасы билдиргендей, ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн компания абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.


Белгиленгендей, Чүй электр тармактар ишканасынын сайтында “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен бардык абоненттер өздүк эсебин каалаган учурунда биле алышат.


“Мындан сырткары, абоненттер өз эсебин 1209, 0772/0702/0556 00 12 09 номурундагы күнү-түнү иштеген чалуу-борборуна чалып, же болбосо 0556 001209 номурундагы WhatsApp тиркемесине жазып биле алышат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн