Бугу 15, 2024
Убакыт: 23:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте толугу менен жылуулук жана ысык суу берилди

07.02.2024 10:43
151
Бишкекте толугу менен жылуулук жана ысык суу берилди


Бишкекте учурда бардык абоненттерге жылуулук жана ысык суу берилди. Бул тууралуу "Бишкекжылуулуктармагынын" башчысы Уран Райымбеков билдирди.

Анын айтымында, бардык турак үйлөр, ошондой эле 63 саламаттык сактоо мекемеси, анын ичинде бардык төрөт үйлөр, 84 бала бакча жана 54 мектеп жылытуу системасына кошулду.

"Бардык социалдык объекттер жана 59 ири объект жылуулук жана ысык суу менен камсыздалды. Азыркы учурда система Бишкек шаарынын ЖЭБи тарабынан берилген факты боюнча параметрлерге ылайык иштеп жатат", - деди ал.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн