Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 20:31
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Бишкекте эки эгиз төрөгөн аял пневмониядан каза болду

30.06.2020 14:02
1147
Бишкекте эки эгиз төрөгөн аял пневмониядан каза болду


Бишкек шаарындагы № 2 төрөт үйүндө каза болгон аялдан пневмония аныкталган. Бул тууралуу 24.kg башкы гинеколог Раиса Асылбашевага шилтеме берүү менен билдирди. 

Анын айтымында, аял төрөт үйүнүн обсервациялык бөлүмүнө коронавирустук инфекциясынын белгилери, жөтөл жана дене табы көтөрүлгөн белгилери менен түшкөн.

Кош бойлуу аял операция жолу менен 34-35-жумасында (8 айлык) эки эгиз төрөгөн. Ымыркайлар учурда Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө

"Операциядан кийин анда пневмония күчөп кетти. Биз аны сактап кала алган жокпуз. Ал бешинчи суткада каза болду", - деди дарыгер. 

Республика боюнча 30-июнга карата коронавирус инфекциясынан 7 адам каза болуп, илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 57ге жетти.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн