Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте той кортежине 74 миң сом айып салынды

27.10.2022 17:35
434
Бишкекте той кортежине 74 миң сом айып салынды


Бишкекте мыйзам бузган той кортежинин унааларынын айдоочуларына 74 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Мындан бир нече күн мурда жарандар кайгуул кызматынын соцтармактагы баракчасына жол эрежесин одоно бузган той кортежинин унаалары боюнча видео жөнөтүп, аларга карата чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Кайгуул кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүп, жол эрежелерин бузган той кортежинин алты унаасын тапкан. Алардын жасалма номер, атайын үн коштоочу каражаттар менен жүргөндүгү, автоээнбаштык жасагандыгы жана айнегин мыйзамсыз караңгылаткандыгы үчүн 74 миң сом айып салды.

Унаалардын баары айып короосуна токтотулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн