Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте куран окутуу өткөрүп жатканда кармалган тойкананын ээси айыпка жыгылды

11.08.2020 09:38
1519
Бишкекте куран окутуу өткөрүп жатканда кармалган тойкананын ээси айыпка жыгылды


Пандемия учурунда массалык куран окутуу кооптуу. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жакында Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан «Нур-Суфра» тойканасынын администрациясы «куран окутуу» иш-чарасын өткөрүп жаткан жеринен кармалышты. Албетте, санитардык нормалар сакталбай, эл көп чогулган.


"Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүп, 2 категориядагы айып пул салды. Дем алыш күндөрү ушундай бузуулар «Улуу-Тоо» чайханасында, "Главпивтрест" кафесинде, компьютердик жана бильярд клубдарында аныкталды. 10 күндүн ичинде 80 миң сомго 20 протокол түзүлдү", - деп айтылат маалыматта. 


Ошондой эле мэрия: "Санитардык-экологиялык инспекциясы санитардык талаптарды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда. Өлкөдө, шаарда абал курч бойдон калууда. Тилекке каршы, айрым ишкерлер азыркыга чейин сактык эрежесин сактабай, адамдардын өмүрүн тобоокелге салып жатат. Рейддер дагы улантылат", - деп эскертет.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн