Чын курандын 03, 2025
Убакыт: 03:12
USD
86.60
87.10
EUR
93.40
94.40
RUB
1.015
1.050

Бишкекте троллейбустан жасалган электробус линияга чыгат

01.04.2025 18:11
61
Бишкекте троллейбустан жасалган электробус линияга чыгат


Бишкекте 10 күндүн ичинде троллейбустан жасалган электробус линияга чыгат. Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаментинин директору Улан Бейшенбаев билдирди.


Ал борбор калаадагы 100 троллейбус Ошко, алтоо Нарын шаарына берилип, Бишкекте 42си калганын айтты.


"Бишкекте калган троллейбустарды электробуска айлантабыз. Заводдор менен сүйлөшүп, батареяларын, сертификаттарын изилдеп чыктык. Азыр пилоттук түрдө бирди жасап жатабыз. Адистерди чакырганбыз, болот дешти. 10 күндүн ичинде бир электробусту чыгарганга аракет кылабыз", — деди Бейшенбаев.


Буга чейин 2017-жылы чыккан троллейбустарды электробуска өткөрүү ыңгайлуу экени айтылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн