Бугу 13, 2025
Убакыт: 19:28
USD
87.30
87.80
EUR
96.80
97.80
RUB
1.060
1.100

Бишкекте түндө мыйзам бузган ГБРдин 5 унаасы айып аянтчасына киргизилди

17.02.2021 12:39
892
Бишкекте түндө мыйзам бузган ГБРдин 5 унаасы айып аянтчасына киргизилди

Бишкекте түн ичинде мыйзам бузган Ыкчам аракеттенүү тобунун (ГБР) 5 унаасы айып аянтчасына киргизилди. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдирди.


Билдирүүдө айтылгандай, унаалардын техникалык бузууларын аныктоо багытында өткөрүлгөн рейддик иш-чара учурунда ГБРдин 5 унаасы Бузуулар кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмү ("Транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук ырастамасы же транспорт каражатын каттоочу документи жок айдоо") жана 129-берененин 2-бөлүмүнүн ("Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган же болбосо ар кандай түрдөгү жазуулар, сүрөттөр, фотосүрөттөр түшүрүлгөн транспорт каражатын башкаруу") негизинде убактылуу айып төлөөчү жайына киргизилди.

Ошондой эле 2020-жыл ичинде күзөт кызматынын автоунааларынын катышуусунда жол кырсыктары жана жол эрежелерин бузуу боюнча 8 окуя катталып, баардыгы Бузуулар тууралуу кодексинин тийешелүү беренелеринин негизинде протоколдор түзүлгөн.

Унаалар убактылуу айып төлөөчү жайга токтотулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн