Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 07:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте түнкү стационарлар ачылууда

13.07.2020 12:19
1078
Бишкекте түнкү стационарлар ачылууда

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен ушул тапта калаанын ар бир райондорунда түнкү стационарларды ачуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.



Маалыматка караганда, учурда күндүзгү стационарлар  күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Андан саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жарандар медициналык кеңеш, капельница жана укол ала алышат. 



9 күндүн ичинде күндүзгү стационарлар 23 миң 819 жаранды кабыл алды. Алардын ичинен 17  миң 890 адам капельница алса, 5 миң 781 адамга медициналык кеңеш берилген. 139 адам ооруканага жаткырылып, тилекке каршы 9 адам каза болгон. Күндүзгү стационарларда кезек күткөндөр азайып, жарандар айыгып баштаганы байкалат.  


"Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы Спорт комплексинде 97 орундуу стационар ачылат. Жеке ишкер “Консул” ресторанын акысыз пайдаланууга берип, койко-орундуктар даярдалды, суюк дары кую үчүн штативдер уюштурулуп жатат. Ошондой эле медициналык кызматкерлердин коопсуз иш алып баруусу үчүн шарттар түзүлүп, аларды ишке тартуу аракеттери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта. 

 

Мэрия медайымдарды, медициналык кызматкерлерди жана санитарларды иштеп берүүсү үчүн чакырык салууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн