Бишкек шаарында түнкү стационарлардын иштөө режими өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эми алар бир саат эрте ачылып, тактап айтканда саат 20:00дөн саат 08:00гө чейин иштешет. Ал эми күндүзгү стационарлардын иштөө режими өзгөргөн жок.
Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин колдоосу менен "Жал" кичи районундагы № 95 мектептин базасында 37 орундуу кошумча күндүзгү стационар ачылды.
"Кара-Жыгач жаңы конушунда ресторандын базасында 50 орундуу дагы бир стационар ачуу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн