Бишкекте адам уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, 4-мартта Калыс-Ордо конушунун тургуну жубайы белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын билдирип, милицияга кайрылган.
"Перехват" планы жарыяланып, милиция адам уурдаган жаранды "Манас" аэропортунун жолунан кармаган.
Алдын ала маалымат боюнча, келинди уурдаган жаран анын мурдагы жигити болгон.
Ал келинге эч кандай зыян келтирген эмес.
Милицияга адам уурдоого шектүү катары 2001-жылы төрөлгөн жаран кармады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн