Бишкекте белгисиз адамдар үч кызды сабап, бассейнге түртүп жиберишкен. Бул тууралуу Биринчи май райондук ИИБден билдиришти.
Окуя 30-июнда Киев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде болгон. Жарыяланган видеодон эркек киши үч кызды бассейнге түртүп жибергенин көрүүгө болот. Милиция "Каракчылык" жана "Бейбаштык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Анын алкагында 31 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалып, бир айга тергөө абагына киргизилген. Бүгүн окуя боюнча бийчи Жан Воинов дагы кармалганы белгилүү болду. Ал бейбаштыкка шектелүүдө.
Буга чейин блогерлердин бири мейманканада белгисиз адамдар аларды сабап, бассейнге түртүп жиберишкенин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн