Теке 21, 2025
Убакыт: 03:07
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.110
1.135

Бишкекте үч күн арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт

27.04.2024 11:36
608
Бишкекте үч күн арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт


Бишкекте үч күн бою арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, ведомство 30-апрель жана 1, 2-май күндөрү Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте "Жаз — 2024" жарманкесин уюштурууда. Анда эт, балык, сүт, май, бал, колбаса, сыр, жумуртка, картошка, жашылча-жемиш, шекер, ун жана башка азыктарды арзан баада сатып алууга болору белгиленди.


"Шаардын жашоочуларын социалдык маанилүү тамак-аш азыктарынын кеңири ассортименти менен камсыз кылуу максатында продукция ортомчусу жок түз жарманкеге коюлат. Демек, товарлардын баары дүң баада болот", — деп жазылган маалыматта.


Жарманке Разаков көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде өтөрү кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн