17-18-19-октябрда Бишкекте “АгроТехЭкспо – 2025” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, иш-чара адаттагыдай эле борбор калаадагы Т.Усубалиев атындагы аянтта уюштурулат.
Көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөн, жер семирткич, өсүмдүктү коргоочу каражаттар жана асыл тукум малдар көрсөтүлүлөт. Ошондой эле жарманкеде органикалык таза айыл чарба азык-түлүктөрүнүн бардык түрлөрү арзан баада сатылат.
Мындан тышкары, көргөзмөдө жарандар өзү каалаган техника, жабдуу жана айыл чарба товарларын сатып алууда жеңилдетилген лизинг кызматын жана насыяларды пайдалана алат.
Министрлик бардык дыйкан жана фермерлерди борбор калаадагы эң ири көргөзмө-жарманкеге катышууга чакырууда.
Байланыш үчүн телефондор:
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн