Кыргыз-Орус Славян университетинин башкы имараты бомба тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланганын университеттен билдиришти.
Аймак курчоого алынып, укук коргоо органдары окуя болгон жерде жүрүшөт.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, №33, 89, 67-мектептерге да бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Учурда милиция кызматкерлери жеринде иштеп жатышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн