Бугу 05, 2024
Убакыт: 20:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, жанындагы жатакананы түтүн каптаган

Бишкекте унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, жанындагы жатакананы түтүн каптаган


Бишкекте унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, ага жанаша салынган жатакана түтүнгө толгон. Ичиндеги адамдар куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.


Куткаруучуларга кечээ кечки сегиз жарымдарда Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, жерине 3 күжүрмөн эсеп жана штаб жөнөтүлгөн.


“Кырсыктын кесепетинен унаа оңдоочу жайга жанаша салынган жатакана түтүнгө толуп, анда жашаган чет элдик 40 жаран куткаруучулардын жардамы менен коопсуз жайга эвакуацияланды. Бөлмөдө калып калган дагы бир адамды газ түтүндөн сактоо тобу алып чыгып, ага алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Учурда абалы жакшы”, — деп жазылган маалыматта.


Тилсиз жоо саат 21:18де чектөөгө алынып, 22:13тө толугу менен өчүрүлгөн.


Унаа оңдоочу жайдын болжол менен 40 чарчы метри өрттөнгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн