Бирдин айы 05, 2025
Убакыт: 21:57
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.870
0.910

Бишкекте унаасына жасалма номер тагып алган айдоочу кармалды

14.01.2025 10:45
159
Бишкекте унаасына жасалма номер тагып алган айдоочу кармалды


Бишкекте Арменияга тийешелүү унаасына жасалма номур тагып алган айдоочу кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, издөө бөлүмү жана Бажы кызматынын кызматкерлери биргелешкен рейд учурунда 04KG 661 ABU мамлекеттик номурлуу “Honda Accord” үлгүсүндөгү авто унааны токтотушкан.

Текшерүү учурунда 1985-жылы туулган А.Н. аттуу айдоочу Армения өлкөсүнө тийешелүү болгон унаасын кыргыз номуруна жасалма жол менен алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча унаасы айып короо жайына токтотулуп, жасалма мамлекеттик номур менен жүргөндүгү үчүн 20 миң сом айып салынды.

Ал эми унаанын тийиштүү докумменттери андан ары текшерүү үчүн Бажы кызматына өткөрүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн