Бештин айы 22, 2024
Убакыт: 17:24
USD
86.85
87.35
EUR
90.00
91.00
RUB
0.833
0.880

Бишкекте университеттин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жери кайтарылды

13.12.2024 11:00
176
Бишкекте университеттин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жери кайтарылды


К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жер тилкесинин мурда мыйзамсыз алынган бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз алынган мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мурда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине тиешелүү болгон жер тилкеси 1998-жылы Кыргыз улуттук агрардык университетинин балансынан мыйзамсыз чыгарылып, жеке менчикке берилген.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 16-декабрындагы № 107 «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирүүгө жатпайт.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган жер тилкесинин менчик ээси өз ыктыяры менен жана акысыз түрдө аталган жер тилкесин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берген, анын базар баасы 130 млн 711 миң сомду түзөт.

Бул кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарына карата тергөө иштери уланууда, алардын аракеттерине сөзсүз юридикалык баа берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн