Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте уруксаты жок иш жүргүзүп келген объектилер аныкталды

14.02.2022 15:27
445
Бишкекте уруксаты жок иш жүргүзүп келген объектилер аныкталды

Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы Биринчи май районунун Дэн Сяопин проспектисинин Ю.Фучик көчөсүнөн баштап Садыгалиев көчөсүнө чейин инвентаризациялоонун жүрүшүндө тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок жана өз алдынча иштеген 5 объектини аныктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, бул аныкталган объекттер ар кандай багыттагы болуп саналат. Алар - "Адиш ата" ашканасы, "Carzone" унаа жуугуч менен техникалык тейлөө станциясы, "Daewoo" техникалык тейлөө станциясы, "Авто плюс" техникалык тейлөө станциясы, спорттук залдар.


Бишкек шаарынын архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы, борбордун тургундарына курулушту уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзбөөнү жана "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" КР Мыйзамын сактоону эскертет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн