Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:47
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан дагы бир Elite House'дун үйү ачыкка чыкты

08.07.2022 10:34
468
Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан дагы бир Elite House'дун үйү ачыкка чыкты


Бишкек шаарынын Архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча шаардык башкармалыгы «Elite House» ЖЧКсы жүргүзгөн өз алдынча курулуштарды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, М.Горький 1б дарегиндеги Elite House объектисине карата чаралар көрүлүп, тактап айтканда, курулуш-монтаждоо иштерин токтотуу боюнча эскертүү берилген. Мындан тышкары, аталган башкармалык тарабынан шаардык тиешелүү кызматтарга электр жана суу менен камсыздоонун инженердик тармактарынан өчүрүү боюнча каттар жөнөтүлгөн.


Бирок, администрациянын талаптарына карабастан, объектте «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамды бузуу менен иштер уланууда, деп айтылат маалыматта. Учурда мыйзамсыз курулуш фактысы боюнча материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилди.


Ошондой эле, Бишкек шаарынын Архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча шаардык башкармалыгы «Elite House» ЖЧКсынын төмөнкү даректерде жайгашкан башка объектилери боюнча да соттошуп жаткандыгы белгиленген: Чуйкова көчөсү, 132, 132/2 ("El classic", "El classic plus" турак жай коплекстери), Кулатов менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишнде («Элит кварталы» турак жай комплекси).

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн