Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте үй-бүлө чыры өлүм менен актады

06.03.2020 17:06
688
Бишкекте үй-бүлө чыры өлүм менен актады


Бишкек шаарындагы үй-бүлөнүн чыры аянычтуу аяктады. Үйдүн кожоюну аялы менен уулун бычактап, андан соң асынып алды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, окуя 6-мартта саат 12:00 чамасында 5-кичи районунда  болгон.


“Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу көп кабаттуу батирдин ичинен аялдын жансыз денесин жана ваннадан асынып алган эркек кишинин сөөгүн табышкан. Ал эми 2010-жылы туулган баланы оор абалда "Тез жардам" кызматы №3 балдар ооруканасына жеткиришкен”, - деп айтылат маалыматта.


Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат кийинчерек бериле турганы белгилүү болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн