Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:45
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте үйлөнүү максатында кызды ала качууга аркет кылгандар кармалды

14.07.2022 12:39
376
Бишкекте үйлөнүү максатында кызды ала качууга аркет кылгандар кармалды


Бишкекте кызды уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.


Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 11-июль күнү милицияга бир жаран чала тааныш үч жигитке чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал өз каалоосуна каршы, физикалык күч колдонуп, никеге туруу максатында ала качып кетишкенин айткан. Кыздын айтымында, окуя 8-кичи райондо болгон.


Аталган факты Октябрь районунун ИИБнин РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин негизинде («Никелик кыюу максатында адамды ала качуу») кылмыш иши козголгон.


Кылмышка шектүүлөр табылып, камакка алынды. Алар 1995-жылы туулган 27 жаштагы К.А., 26 жаштагы эки жигит болгон. Алар Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн