Бишкек шаарында үйүн ачпай жатат деген 47 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-июну күнү саат 11:00дө Чыгыш-5 кичи районунун 29-үйүнүн батиринде үйдүн ээси эшигин ачпай жатат деген билдирүү түшкөн. Куткаруучулар милиция кызматкерлеринин катышуусунда эшикти ачкан учурда батирдин ичинен 1973-жылы туулган кишинин сөөгү табылган.
Жансыз дене милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн