Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:36
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

22.07.2024 16:31
198
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды


Балыкчы шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиршти.

Балыкчы шаардык милициясына Т.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "Т." аттуу чала таанышынан 2022-жылдын декабрь айында "БМВ" үлгүсүндөгү автоунаасын 300 миң сомго сатып алганын, бирок, ал эки жума өткөндөн кийин алдамчылык жолу менен ишенимге кирип, саткан автуонаасын кайра алып кеткенин билдирген. Ошентип, шектүү акчасын дагы, унаасын дагы кайтарып бербей качып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.

Факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде ("Алдамчылык") каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү Балыкчы шаарынын тургуну 1998-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран экендиги аныкталды. ИИМдин маалыматына ылайык, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турат.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1998-жылы туулган Т.Т. Бишкек шаарында кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн