Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 21:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды


Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу элементтеринин өлкөдөгү кырдаалга таасирин тийгизүүсүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, УКТнын мүчөсү С.А.С. опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган адам шериктери менен ушул жылдын апрель айында Б.М.Х. аттуу жаранды жеке ишкерди күч колдонуп унаага салып Бишкектин четине алып барышып, физикалык күч колдонуп, темир буюм менен денесине оор залал келтиришкен. Андан соң 350 миң сом акча каражатын талап кылышып, күрөөгө “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаасын алып кетишкени аныкталды.

Бул факты боюнча УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") фактысынын негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана издөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерин жою боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн