Бугу 10, 2024
Убакыт: 14:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте велосипедченди сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте велосипедченди сүзүп кеткен айдоочу кармалды


Бишкекте велосипедченди сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, кырсык 7-июль күнү саат 17.12лер чамасында болгон. Айдоочу Чыңгыз Айтматов проспектиси менен көпүрөнүн астынан өтүп бара жатып, 17 жаштагы велосипедчен А.Аны сүзүп кеткен. Жабырлануучуга жардам бербестен, окуя болгон жерден качып кеткен.


«Жол кырсыгына шектелип Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 44 жаштагы Р.С. кармалды. Кармалган жаран борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилди», - деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, айдоочу велосипедченди сүзүп, токтобой окуя болгон жерден качып кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн