Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 17:18
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте веложолдор жарыктандырылды (сүрөт)

22.07.2020 17:58
952
Бишкекте веложолдор жарыктандырылды (сүрөт)


Бишкек шаарында велосипед менен жүрүүчү жолдор жарыктандырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын көчөлөрүн, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорду жарыктандыруу боюнча пландык иштерди өткөрүүдө.


"Ч.Айтматов проспектиси боюнча жаңы парктан «Ала-Арча» суусунун көпүрөсүнө чейин жаңы веложолго жарыктандырууну орнотуу жыйынтыкталды.


88 светодиоддук чырак жана ушунча  торшердик түркүк орнотулуп, жер алдынан 3 миң 500 метр кабель линиясы өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн