Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 21:19
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте Өзбекстандан алынып келген 8 автобус техникалык талапка жооп бербегендиктен каттамдан алынды

26.10.2022 12:23
282
Бишкекте Өзбекстандан алынып келген 8 автобус техникалык талапка жооп бербегендиктен каттамдан алынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине коомдук транспортторду даярдоо максатында, ошондой эле жол-транспорттук кырсыктарын алдын алуу боюнча автобустук каттамдар текшерилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, автобустарды техникалык жактан даярдоого, дөңгөлөктөрдү алмаштырууга жана салондун ичиндеги санитардык абалга өзгөчө көңүл бурулду.


“Эко жүргүнчүлөрдү жеткирүү” ЖЧКсына таандык 113 автобустук каттамдарынын техникалык абалы текшерилип, ал эми 8 автобус техникалык абалы канааттандырарлык эместигине байланыштуу Бишкек шаарынын милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан убактылуу линиядан чыгарылды.


Белгилей кетсек, буга чейин кичиавтобустук каттамдар текшерилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн