Эртең, 13-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинен маалымдашты.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15,
Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14,
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11,
Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 5...10,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17...-22, күндүз 0...-5 градус,
Бишкек шаарында түнкүсүн 1...3, күндүз 13...15 градус болот. Жаан-чачын күтүлбөйт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн