Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкекте жакында дагы бир жаңы сквер пайдаланууга берилет

21.09.2023 15:27
257
Бишкекте жакында дагы бир жаңы сквер пайдаланууга берилет


Бишкек шаарында дагы бир жаңы сквер курулууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сквер Биринчи май районунда Нариманов жана Алтай тилкелеринин кесилишинде курулууда.

Иштин жүрүшү менен райондун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов таанышты.

"Гүлбакчанын аянты 0,8 га түзөт. Учурда 1150 чарчы метр жер брусчатка төшөөгө даярдалууда, анын ичинен 600 чарчы метри коюлду. Ошондой эле көчөлөрдү жарыктандыруучу мамылар орнотулуп, отургучтар коюлуп, жашылдандыруу үчүн газон чөптүн үрөнүн себүүгө топурак даярдалууда. Жакында сугат лотоктору алынып келет", - деп белгилешти мэриядан.

Ишти сентябрдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, буга чейин кароосуз калган бош жерде эски балдар аянтчасы демонтаждалган жана бул жер көп чогулгандардын сүйүктүү жери катары эсептелген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн