Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте жалбырактарды өрттөгөндөргө 23 миң сом айып салынат

25.10.2022 10:27
288
Бишкекте жалбырактарды өрттөгөндөргө 23 миң сом айып салынат

Жалбырактарды чогулткандан кийин өрттөгөндөр мыйзам чегинде 23 миң сомго чейин административдик айыпка жыгыларын Бишкек шаардык мэриясынан эскертишти.


Алар шаар тургундарын жалбырактар менен таштандыларды өрттөбөөгө чакырды.


"Күздүн келиши менен жалбырактарды көп өрттөп жатышат. Муниципалитет бул үчүн "Укук бузуулар жөнүндө" кодекске ылайык, 7 500 сомдон 23 миң сомго чейин административдик айып каралганын эскертти. Себеби кургак чөп күйгөндө химиялык зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Бул адамдын организмине, айлана-чөйрөгө коркунучтуу. Мындан тышкары, шамалдын деми көбүнчө өрткө, оор кесепеттерге алып келет. Түшкөн жалбырактарды компост жасоого болот, бул өсүмдүктөр үчүн жакшы жер семирткич ", — деп жазылган мээриянын билдирүүсүндө.


Маалыматта мындай эрежени бузган Бишкектин эки тургунуна айып салынгандыгы белгиленген. Мэрия таштанды өрттөгөн учурларды көргөндөрдү Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекцияга 0312597526 номери аркылуу кабарлап коюуну кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн