Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Бишкекте жалпы узундугу 20 чакырымдай веложол курулат

13.03.2020 09:25
989
Бишкекте жалпы узундугу 20 чакырымдай веложол курулат


Бишкек шаарынын бир катар борбордук көчөлөрүнө тротуар жана веложолдор курулуп баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын бири Чүй, Манас проспектилерин жана Байтик Баатыр көчөсүн "П" түрүндө жөө жүрүү үчүн бириктирет.


Ошондой эле Байтик Баатыр көчөсүнүн жээгиндеги кызыл чийинден өтүп кеткен курулуштар четтетилип, ишкерлерге туурасы 4,5 метрди түзгөн тротуарлар жана веложолдордун курулуусу шарт экени түшүндүрүлдү.


Ахунбаев көчөсүнөн Чүй проспектине чейин Манас проспектиси боюнча, проспектинин чыгыш тарабына тротуар жана веложол салынат, ал эми батыш тарабына – тротуар гана салынып, жалпы узундугу 3,7 км түзөт.


Манас проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин Чүй проспектисинде узундугу 1,8 км болгон тротуар жана веложол салынат.


Мындан тышкары Байтик Баатыр көчөсү Чүй проспектинен тарта Ахунбаев көчөсүнө чейин велосипедисттер үчүн жол салынып, батыш тарабынан тротуар жана веложол, чыгыш тарабына тротуар курулат.


"Борбордук мэриянын жер ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн адистери А.Масалиев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки көйгөйлүү аймакты кыдырып чыгышты. Азыркы учурда ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жана долбоордо каралган аймактагы объекттерди дыкаттык менен изилдөө, ижарачылар менен келишүү жүрүп жатат. Кызыл линияга чыккан курулуштарты жылдырып, шаардыктарга мейкиндик түзүү керек", - дейт мэрия өкүлдөрү.


Тротуарлар жана веложолдордун жалпы узундугу 18,4 км.


Белгилесек, ижара келишимин түзүүдө, ишкерлер шаардык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн объекттер демонтаждоо же дислокация боло турганы жөнүндө кабарланган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн