Бишкек шаарында 7-апрель көчөсү боюнча Чүй проспектисинен Кийизбаев көчөсүнө чейин веложолдор жана тротуарлардын курулушу аяктап жатат, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан бүткөрүлүп жатат. Веложолдун аралыгы 860 метр, тротуардын түштүк жана түндүк бөлүгүн бириктирүүчү аянты 3 миң 870 квадрат метр.
Бул веложол менен тротуар бүгүн кечинде даяр болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн