Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте жаңы курулуп жаткан мектептердин айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

05.08.2022 10:59
366
Бишкекте жаңы курулуп жаткан мектептердин айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө


«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы курулуп жаткан билим берүү мекемелеринин жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, “Алтын-Ордо” жаңы конушундагы Алтын-Ордо көчөсү, 15 дарегиндеги мектептин жана Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан №10 орто мектептин аймагын көрктөндүрүлүүдө.


Борбор калаанын багбандары Алтын-Ордо конушундагы мектептин аймагына көчөттөрдү отургузуу үчүн жерди түздөп, топурак түшүрүп башташты, жакында бул жерде арча, гибискус, липа жана башка көптөгөн жалбырактуу жана ийне жалбырактуу көчөттөр өстүрүлөт.


№10 мектептин аймагында "Бишкекжашылчарба" ишканасынын жумушчулары газон себүүнү аякташты, отургузууга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, ийне жалбырактуу жана бадалдуу өсүмдүктөрдү отургузуу иштери башталат.


Муниципалитеттин ар бир кызматы жаңы объектилердин курулушуна салым кошууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн