Бишкекте быйылкы окуу жылы онлайн же оффлайн режимде өтөрү азырынча белгисиз. Бул тууралуу Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйынында айтты.
Анын айтымында, мэрия эпидемиологиялык абалга жараша мектептердин ачылуусуна уруксат берет.
"Азырынча жаңы окуу жылы кандай режимде окутулары белгисиз. Эпидемиологиялык абалга жараша онлайн же салттуу түрдө окутуу болот",- деди Бактыбек Кудайбергенов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн