Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бишкекте жаңы "Дыйкан" базары ачылды

18.08.2021 17:39
1766
Бишкекте жаңы "Дыйкан" базары ачылды

Бүгүн, 18-август күнү Бишкек шаарында “Дыйкан” базарынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, иш-чарага “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, келечектеги сатуучулар-ижарачылар катышты.


“Дыйкан” базары айыл чарба продуктыларын жана азык-түлүк товарларын дүң жана чекене сатууга арналган. Базар товарларды сактоочу кампа, контейнерлерди камтыйт. Соода-сатык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн тилкелер, оор жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар кирүүчү жайлар бар”,-деп айтылат маалыматта.


Белгиленгендей, айыл чарба продукцияларынын сапатына тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан санитардык көзөмөл жүргүзүлөт. Объектинин жалпы коопсуздугу, өрт коопсуздугу, таштандыны чыгаруу жана территорияны санитардык тазалоого, суу, электр энергиясы менен камсыздоону ишкананын структуралык бөлүмдөрү жана филиалдары ишке ашырат.


"Кыргыз темир жолу”УК” МИ соода орундарын берүү менен соода жана рыноктук кызматтарды көрсөтүү боюнча иш-чараларды өз алдынча жүргүзөт.


Эскерте кетсек, “Дыйкан” базары "Кыргыз темир жолу" УК мамлекеттик ишканасынын балансында турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн