25-31-декабрь күндөрү жаңы жылдык азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.
Белгией кетсек, жаңы жылдык жарманке күн сайын саат 09:00дөн кечки саат 18:00гө чейин уланат.
Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн