Бугу 14, 2024
Убакыт: 03:31
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкекте жаран 4,5 кг баңгизат менен кармалды

28.08.2020 09:56
1006
Бишкекте жаран 4,5 кг баңгизат менен кармалды


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана аны таратууга тиешеси бар шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, баңги каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүү менен алектенген жарандардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча операция ийгиликтүү жүргүзүшкөн. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 


Бишкек шаарында жайгашкан үйлөрдүн биринен өсүмдүк жана жарым синтетикалык өнүмдөгү заттар тактап айтканда кара куурай, марихуана, героин табылып алынган. Андан сырткары, чегүү жабдыктары мундштуктар, кальян, жана шприцтер табылган. 


Табылып алынган баңги каражаттарынын жалпы салмагы 4 килограмм 686 граммды түзөт. Шектүү катары шаардын тургуну кармалды. Тергөө иш-чаралары жүрүүдө. 


Учурда жогорудагы кылмыштуу ишмердүүлүккө тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча атайын тергөө амалдары жүрүүдө. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн