Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 18:41
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бишкекте жасалма уруксат кагазын колдонгон айдоочу кармалды (фото)

02.04.2020 10:55
702
Бишкекте жасалма уруксат кагазын колдонгон айдоочу кармалды (фото)


Бишкек шаарынын Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде «Ланд Ровер» үлгүсүндөгү унаанын алдыңкы терезесинде жасалма уруксат кагазын тагып жүргөнү аныкталды, деп билдирди Бишкек шаардык комендатурсынын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, бул унаа Д.Н. аттуу 32 жаштагы жарандын башкаруусунда болгон. Окуя катталган аймакка Ленин райондук ИИБнын ыкчам тергөө тобу чыгып, унаа атайын коюлуучу жайга токтотулду жана чогултулган иш кагаздары тергөө кызматына өткөрүлдү.


Андан соң окуя жоруктун жана кылмыштын бирдиктүү рейстрине катталып, Кылмыш кодекснин 359-беренесине ылайык (документтердин жасалмасы) кылмыш иши козголду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн