Бишкек шаарында кардиолог жана реаниматолог-анестезиолог дарыгер Жумабай Бекмуратов коронавирус илдетинен улам көз жумду. Бул тууралуу маркумдун досу Нурсейит Мамыров өз эскерүүсүндө билдирди.
Ал эми жакындарынын айтымында, Жумабай Бекмуратов коронавирус жуктуруп алган болчу. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги медиктин өлүмүн тастыктай элек.
Жаш дарыгер Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда эмгектенип жаткан. Анын сөөгү кичи мекени Баткен облусундагы Кара-Бак айылында 14-июлда жерге берилди. Анын артында жаш жубайы жана бир уулу калды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн