Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдөн жаш кыз кулап каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-майда саат 16:00 чамасында болгон. Анда 6-кабаттан кулаган кыз башынан алган жаракаттан улам "Тез жардам" кызматы менен ооруканага бара жаткан жолдо каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн