Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте жеке ишкер отелин оорукана катары берүүгө даяр

01.07.2020 17:07
990
Бишкекте жеке ишкер отелин оорукана катары берүүгө даяр

Жеке ишкер Бурул Кушбек жана жолдошу Расул Айдаров отелин ооруканага катары пайдаланууга берүүгө даяр. Бул тууралуу ишкер социалдык тармактагы баракчасына жазды. 


Анын айтымында, алар өлкөдөгү абалга кайдыгер боло алышкан жок. 


"Өлкөдөгү абалды карап туруп кайдыгер боло албадык. Жолдошум Расул Айдаров, уулубуз Руслан Айдаров, болуп кенешип ушул чечимге келдик. Орун жок деп ооруканалар албай жатат деген маалыматтар байма - бай чыгып жатат, эгерде муктаждык болсо биздин отелди да оорукана сыяктуу пайдаланып турууга берели деп чечтик, канчалаган өмүрлөр сакталып, бир аз болсо да жеңилдик болот деген ишенимдебиз. Бириксек женебиз! Үй-бүлөңүздөргө ден-соолук каалайм,  бар болуңуздар асыл инсандар", - деп жазган жеке ишкер. 


Буга чейин Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын бөлүм башчысы Базарбай Мусабеков өзүнүн тойканасын коронавируска чалдыккан оорулууларды жаткыруу үчүн убактылуу оорукана катары пайдаланууга берүүгө даяр экендигин билдирген болчу. 


Эртең менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирус менен күрөшүүдөгү негизги көйгөй  ооруканаларда орундуктардын жетишпегени экенин айткан. 


1-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 439 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 5735 учур болду. Каза болгондордун жалпы саны - 62. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн