Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:41
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы тойканасын оорукана катары берүүгө даяр (сүрөт)

01.07.2020 13:03
1295
Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы тойканасын оорукана катары берүүгө даяр (сүрөт)


Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын бөлүм башчысы Базарбай Мусабеков өзүнүн тойканасын коронавируска чалдыккан оорулууларды жаткыруу үчүн убактылуу оорукана катары пайдаланууга берүүгө даяр. Бул тууралуу Базарбай Мусабеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.     


Анын айтымында, ал жерге болгону дарыгерлер керек. 


"Урматтуу туугандар өлкөнү каптаган пандемияга каршы туруу максатында, мамлекетибизде ооруканаларда орун жетишпей жаткан болсо 300 оорундуу "Карагат" тойканасын берүүгө даярмын! Болгону дарыгерлер керек" , - деп жазган  Базарбай Мусабеков. Анын мындай сунушун көпчүлүк колдогон. 


Эртең менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирус менен күрөшүүдөгү негизги көйгөй  ооруканаларда орундуктардын жетишпегени экенин айткан. 


1-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 439 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 5735 учур болду. Каза болгондордун жалпы саны - 62. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн